Close

ПЭ түтүктөрүн кантип тандаса болот?

image 3 edited

1 КАДАМ. Баарынан мурда, сиз жеткирүүчүдөн өндүрүүчү заводтун керектүү уруксат кагаздарынын болушун сурашыңыз керек:

  • түтүкчөлөрдү партиялык өндүрүү үчүн жеткирүү боюнча иштин натыйжаларын кабыл алуу жөнүндө ведомстволор аралык квалификациялык комиссиянын актысы (өзгөчө көнүл бурулчу нерсе бул ушул заводдо кандай  диаметрдеги жана полиэтилендин кайсы түрүнөн түтүктөрдүн өндүрүшү уруксат берилген);
    • өнүмдөргө шайкештик сертификаты (сертификаттоо процедурасы талап кылынбайт, бирок эгерде өндүрүүчү өзүнүн аты жана репутациясына көңүл бурса, ал аны өтүп берет);
    • заводдук сыноо лабораториясынын өткөн сыноо комплексинин тизмесин көрсөткөн  сертификаттамасы

2-КАДАМ. Түтүктөр полиэтилендин кайсы маркасынан жасалгандыгын сурап, полиэтилендин сертификатыны көчүрмөсүн сураңыз.

3-КАДАМ. Эгерде сиз жеткирүүчүнүн бардык суроолоруңузга  жооп алган болсоңуз, анда башка шарттары (баа, шарттар, транспорт) сизди канааттандырса, түтүктү сатып алсаңыз болот.

4-КАДАМ. Түтүктү кампага жеткирүүдө кийинки текшерүүлөрдү өтүш керек: а) документалдык ; б) визуалдык; в) өлчөө.

  • Документалдык контроль — өндүрүүчү төмөнкү документтерди бериши керек
    • түтүктөрдүн сапатына сертификат
    • түтүктү жасоодо колдонулган чийки заттын сапатынын паспорту
    • түтүк боюнча  кабыл алуу сыноолорунун протоколу
  • Визуалдык текшеруу — полиэтилен түтүгүндө так, даана белгиси болушу керек: өндүрүүчүнүн заводунун аталышы, түтүктүн символу, жасалган датасы, партиянын көлөмү, полиэтилендин түрү жана ушул маалыматтар паспорттогу маалыматтарга дал келиши керек .
    • түтүктөрдүн жылмакай сырткы жана тегиз бети болушу керек. (чийилген жерлер, тегиздиктер, бөтөн бөлүкчөлөр кабыл алынбайт, алардын болушу сапатсыз  заттын колдонулушун же өндүрүш технологияларына шайкеш келбестигин көрсөтөт).
  • Өлчөө контролу түтүктөрдү кабыл алганда, түтүктөрдүн орточо диаметри менен дубалдын орточо калыңдыгын тандап, штангенциркуль, микрометр же рулетка менен өлчөө керек.
Компания ОсОО Uni Plast
Компания ОсОО Uni Plast